Москва “Азовсталда” 1700дөн ашык аскер багынып бергенин маалымдады

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу тынымсыз аткыланып келди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын камоолдо жаткан Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунан акыркы суткада дагы 771 украин аскери багынып бергенин маалымдады. Ушуну менен “колго түшүп бергендердин” саны жалпы 1730га жетти.

Мунун алдында Кызыл Чырым эл аралык комитети “Азовсталь” заводунан Орусия чыгарып кеткен украин аскерлерин каттап баштаганын, “бул алардын эсепке алууну жана гумандуу, татыктуу мамиле жасоону камсыздоо үчүн маанилүү экендигин” билдирген.

Эки жарым айдан ашык убакыт багынбай, каршылык көрсөтүп келген “Азовсталь” заводундагы аскерлер 16-майдан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Орусиянын аймагына чыгарыла баштаган. Аскердик туткундар андан ары абактарга киргизилип жатат.

Украин бийлиги мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, “украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын” маалымдаган. Москва аларды “багынып бергендер, аскердик туткундар” деп атап жатат.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, ушул убакка чейин курчоодо жаткан.

Заводдун алдында жашап жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен мурдараак эвакуацияланган. Азыр ал жакта канча аскер калганы белгисиз. (ErN)

Дагы караңыз

Исмаилиттердин лидери Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга камтамачылык билдирди Менчик билим берүү борборунун жетекчиси мыйзамсыз миграция уюштурган деп айыпталуудаУкраинада качкындарды дарылаган казак медиктер Баткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдөРахимов президенттин чек ара айылдарын өнүктүрүү боюнча өкүлү болду