Кызыл Чырым “Азовсталдан” чыгарылган аскерлерди каттап жатканын маалымдады

“Азовсталь” заводунан чыгарылган украин аскерлери.

Кызыл Чырым эл аралык комитети орус күчтөрүнүн камоолунда калган Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунан Орусия чыгарып кеткен украин аскерлерин каттап баштаганын маалымдады.

“Акыркы эки күндө биз Мариуполдогу “Азовсталь” заводунан чыккан жүздөгөн аскердик туткундарды каттадык. Аскердик туткундарды каттоо – биздин жумушубуздун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Алардын эсепке алууну жана гумандуу, татыктуу мамиле жасоону камсыздоо да өтө маанилүү”,-деп айтылат уюмдун Twitter түйүнүндөгү баракчасында.

Эки жарым айдан ашык убакыт багынбай, каршылык көрсөтүп келген “Азовсталь” заводундагы аскерлер 16-майдан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Орусиянын аймагына чыгарыла баштаган. Украин бийлиги мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, “украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын” маалымдаган.

Москва аларды “багынып бергендер, аскердик туткундар” деп атап жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги 18-майга карата миңден ашык аскер “туткунга түшүп бергенин” билдирген. Аскердик туткундар андан ары абактарга киргизилип жатат.

Кызыл Чырым эл аралык комитетинин билдирүүсүндө белгиленгендей, каттоо аскерлердин өздүк маалыматтары, анын ичинде аты-жөнү, туулган жылы жана жакын туугандарынын ысымдары документтештирилип жатат. “Бул ким колго түшкөнүн тактоого жана алардын үй-бүлөлөрү менен байланышын камсыздоого жардам берет”,-деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, ушул убакка чейин курчоодо жаткан.

Заводдун алдында жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен мурдараак эвакуацияланган. Азыр ал жакта канча аскер калганы белгисиз. (ErN)

Дагы караңыз

Ошто таза суу маселесин чечүүнү талап кылгандар акция өткөрдүОрус драмтеатрынын артисттери жетекчисине карата чара көрүүнү өтүнүштүЛицензиядан улам 111 менчик медициналык мекеме жабыла турган болдуУлуу Британияга миң кыргызстандык жумушка жөнөтүлөт