Аба ырайы: жамгыр жаайт

Кыргызстан.

Шашылыш билдирүү!

19-майда жана 21-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот, маал-маалы менен жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир аймактарда жаан-чачын көп жаайт. Айрым жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына кээде 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы

20-майда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт , күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус болот.

Дагы караңыз

Лицензиядан улам 111 менчик медициналык мекеме жабыла турган болдуУлуу Британияга миң кыргызстандык жумушка жөнөтүлөт“Ош” аэропортундагы окуяны Башкы прокуратура иликтей баштадыКурултай элдик бийликпи же эскинин калдыгыбы?