“Ош” аэропортундагы окуяны Башкы прокуратура иликтей баштады

“Ош” эл аралык аэропорту шамаалдан жабыркагандан кийин. 18-май, 2022-жыл.

Башкы прокуратура “Ош” эл аралык аэропортунун шыбы эмне себептен урап түшкөнүн, курулган имараттын долбоорго шайкештигин жана ал кандай шартта кабыл алынганын иликтей баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме аэропорттун шыбы ураган имаратын кайсы компания салганы тергөөдө аныкталарын кошумчалады.

18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Окуяны аба майдандын өзүнүн жумушчу комиссиясы да иликтеп жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аэропорттогу суу каптоону комиссия иликтейт

“Ош” эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал эми шыбы түшкөн кошумча жаңы имарат мындан беш жыл мурун 78 миллион сомго курулган.

Аба майданда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. “Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. ​

2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган. (BTo)

Дагы караңыз

“Журналисттер” бирикмесинин төрагасы алмаштыАжылыкка барчулардын биринчи тобу июндун ортосунда учатЧаткалда кен казган компаниялар эл менен жолугуп жататЫсык-Көлдө “Асман” шаары курула турган жер өзгөртүлдү“Ош” аэропортундагы суу каптоону жумушчу комиссия иликтейтСел каптаган аймактарда тазалоо иштери уланууда