Улуттук банк валюта рыногунан 6 миллион доллар сатып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Доллардын курсу түшүп бараткан тапта Улуттук банк 18-майда валюта рыногунан 6 миллион доллар сатып алды.

2022-жылдын башынан тартып өлкөнүн негизги банкы 25 миллион 900 миң долларды сатып алуу боюнча үч интервенция жүргүздү. Тескерисинче доллардын баасынын кымбатташын кармаш үчүн 284 миллион доллардан ашык каражатты сатуу боюнча беш интервенция жасады.

Улуттук банк 19-майга карата бир доллардын баасын 80 сом 27 тыйын деп бекитти. Коммерциялык банктар менен жеке менчик акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 81-82 сомдон сатып алынып, 82-83 сомдон сатылып жатат.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандап жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстан Pfizer компаниясынын миллиондон ашуун доза вакцинасын керектейтЛицензиядан улам 111 менчик медициналык мекеме жабыла турган болдуОрусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси талкууландыБазарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселеси каралуудаБишкекте ЖККУ машыгуусуна даярдык талкууланып жатат