Бишкекте ЖККУ машыгуусуна даярдык талкууланып жатат

Сүйлөшүүлөргө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) «Кобальт-2022» атайын тактикалык машыгууларына даярдык көрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр башталганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышып жаткан сүйлөшүүнүн катышуучулары бүгүн 19-майда Балыкчынын жанындагы “Эделвейс” полигонуна барып, машыгуу өтө турган жерди көрүшөт.

Кечээ Бишкекте машыгууну уюштуруунун атайын жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөр 20-майда жыйынтык протоколуна кол коюу менен аяктайт.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бүгүнкү күндө дүйнөдө тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч жаратып жаткан көрүнүш эл аралык терроризм экенин белгилеп, башкаруу, камсыздоо жана байланыш органдарынын биргелешип аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн машыгуулар маанилүү экенин айтты жана мындай иш-чаралар ар бир мүчө мамлекетте өткөрүлүп келерин кошумчалады.

«Кобальт-2022» машыгуулары август айынын башында Ысык-Көлдө өтөт.

16-майда Москвада ЖККУнун 30 жылдыгына арналган жыйын өттү. 1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)