Курултай элдик бийликпи же эскинин калдыгыбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда элдик курултай жөнүндө мыйзам кайрадан күн тартибине чыкты. Президенттин демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан курултай мыйзамын парламенттин тармактык комитети четке какты. Депутаттар мыйзам долбоордогу курултайдын түзүлүшүн мамлекеттик бийлик системасына артыкбаш орган деп атап, каршы чыгууда. Бирок курултайдын жактоочулары бул институтту эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болот деп түшүндүрүп жатат. Баш мыйзамда киргизилген курултай институтунун тегерегиндеги талаштар "Эксперттер талдайт" программасында талкууланды.