18-майда катуу жааган жаандан улам “Ош” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөр турган күтүү залынын шыбы урап түштү. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кырсыктан эч ким жабыркабаганын, аэропорт кадимке тартипте иштеп жатканын билдирди.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо имараттын шыбы урап түшүп, андан суу агып жатканын көрүүгө болот. Залда бир топ киши болгон.
“Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган.
Анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. 2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган.
“Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. (BTo)
Дагы караңыз
Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй камагына чыктыМектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылдыТоолуу Бадахшан автоном облусунда тогуз киши набыт болдуУКМК: Жүк ташуучулардан мыйзамсыз акча чогулткандар кармалдыСот активист Максат Касеновду үй камагына чыгарды"Азовсталдагы" украиналык аскерлер тууралуу карама-каршы маалыматтар чыгуудаКыргызстанда 84 дарыкана уруксаты жок иштеп келгени аныкталдыДепутат Акаев өкмөт ири ишканаларды "Ширшовдун колуна карматканын" айтты