УКМК: Жүк ташуучулардан мыйзамсыз акча чогулткандар кармалды

“Транс Эксперт” компаниясынын кармалган жетекчилери.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Транс Эксперт” компаниясынын жетекчилери (И.Б.К. жана М.Э.С.) кармалганын 18-майда билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, алар 2021-жылдын апрель айынан октябрына чейин “Торугарт” бекети аркылуу өткөн Кытайдан келген оор жүк ташуучу машинелердин айдоочуларынан мыйзамсыз каражат алып турганы аныкталган.

“Транс Эксперттин” жетекчилери ар бир айдоочудан бир каттам үчүн 50 доллар чогултуп турганы белгиленген. Шектүүлөр оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен 150 миң доллар да алганы айтылат.

Бишкек-Торугарт багытында жүк ташып иштеген айдоочулар апрель айында “Иствэй” компаниясына каршы Токмок шаарында нааразылык акция өткөрүшкөн.

Алар күйүүчү май, машиненин тетиктери кымбаттагандыктан ишканадан жүк ташуунун баасын көтөрүп берүүнү суранышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Сот активист Максат Касеновду үй камагына чыгарды"Азовсталдагы" украиналык аскерлер тууралуу карама-каршы маалыматтар чыгуудаКыргызстанда 84 дарыкана уруксаты жок иштеп келгени аныкталдыДепутат Акаев өкмөт ири ишканаларды "Ширшовдун колуна карматканын" айттыДепутат Шакиев мыйзамдарды норманы бузуп сунуштоо өнөкөт болуп баратканын билдирди (видео)Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй камагына чыктыБишкекте автобус-троллейбустардын жол акысы карта менен гана алына баштайтКадамжайда мөндүр аралаш жаандан кийин сел жүрдү (видео)