Кыргызстанда 84 дарыкана уруксаты жок иштеп келгени аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 84 дарыкана уруксат документтери жок иштеп жатканы аныкталганын 18-майда билдирди.

Министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар боюнча департаменти текшерген учурда Бишкектен 30 дарыкана, Ошто 37, Таластан 8, Нарында 5, Ысык-Көлдө 4 дарыкананын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Атайын түзүлгөн комиссия топтолгон материалдарды прокуратурага өткөрүп берери кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга дары-дармек негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Анда биринчиде Түркия, кийинки орундарда Орусия менен Индия турат. Былтыр өлкөгө 15,5 миллиард сомдук дары-дармек ташылып, дээрлик 4 миллиард сомго медициналык жабдуу келген.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.(JsA)