Кадамжайда мөндүр аралаш жаандан кийин сел жүрдү (видео)

Кадамжай. 2022-жылдын 18-майы.

Бүгүн 18-май күнү саат 13:30 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел суусу агып түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, райондук милициянын имаратынын жертөлөсүнө жана Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн короосуна суу кирген.

Тазалоо иштерине алты куткаруучу тартылып, учурда сууну атайын жабдык менен тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Кадамжайдагы бүгүнкү сел тууралуу социалдык түйүндөрдө да видеолор тарап жатат. Аларда негизги трасса жабылып, бир канча автоунаа селде калганы айтылууда. (RK)

Дагы караңыз

“Бириккен демократиялык кыймыл” Таласта облустук уюмун ачтыТыйын жутуп алган балаТарых музейиндеги өрт боюнча маселени парламентте кароо сунушталдыЧаткал: мектеп коопсуздугун эске салган кырсык