"Өзбеккосмос" британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташат

"Союз-2" кемеси менен OneWeb компаниясынын спутниктери, Байконур. 27-декабрь, 202-жыл.

"Өзбеккосмос" агенттиги британиялык OneWeb компаниясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. Компания спутник байланыш тармагында кызмат сунуш кылат. Тараптар алыскы аймактарды тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуунун үстүнөн иш алып барууну көздөйт. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.

"Өзбеккосмостун" башкы директору Шухрат Кадировдун айтымында, OneWeb телекоммуникациялык кызматы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү программасында каралган максаттарды аткарууга көмөктөшмөкчү жана инновациаялык кызматтарды алыскы элет жерине чейин жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

Буга чейин жарык көргөн маалыматта Өзбекстандын Санарип технологияларын жана коммуникацияларды өнүктүрүү министрлиги жана "Өзбеккосмос" агенттиги SpaceX компаниясы менен Starlink долбоорун өлкөгө тартуу жана өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашканы кабарланган.

Дагы караңыз

Мектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылдыКадамжайда мөндүр аралаш жаандан кийин сел жүрдү (видео)SuperTV каналынын кызматкерлерине парламентке кирүүгө тыюу салындыТажикстан Тоолуу Бадахшанда "антитеррордук операция" башталганын жарыялады