Тенгиз Бөлтүрүк: Жетим-Тоо кенин иштетиш үчүн 2 млрд. доллар керек

Тенгиз Бөлтүрүк.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк холдингдин кен казуу, гидроэнергетика жана башка тармактарда 32 ири долбоорду ишке ашыруу планы бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде айтты.

“Анын арасында Сары-Жаз ГЭСин куруу да бар. Анын курулушу үчүн бери дегенде 3 млрд. доллар керек. Жетим-Тоо темир кени үчүн бери дегенде 2 млрд. доллар керек. Бала-Чычкан деген кенге да 2 млрд. доллар кетет”, - деди Бөлтүрүк.

Жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасынын” уставдык капиталы 10-15 млрд. сомдун тегерегинде болору, президенттин катышуусунда 282 млн. доллардан турган бюджети бекитилгени айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген. Буга байланыштуу Кыргызстанга чет өлкөдөн адистер келгенин маалым болгон.

Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Дагы караңыз

Мектептерди толук инвентаризациялоо сунушталдыЧаткалда шыбы ураган мектептин окуучулары ооруканага жөнөтүлдүМектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылдыДепутат Шакиев мыйзамдарды норманы бузуп сунуштоо өнөкөт болуп баратканын билдирди (видео)Улуттук университет депутат Исмаиловго диплом берилбегенин билдирдиТөкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча соттук угуу өттү