Депутат Шакиев мыйзамдарды норманы бузуп сунуштоо өнөкөт болуп баратканын билдирди (видео)

Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңеште айрым бир топтордун кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдардын кабыл алынуу коркунучуна себеп болуучу учурлар өнөкөткө айланып баратканын бүгүн 18-майда депутат Нурланбек Шакиев билдирди. Ал тийиштүү процедураларды бузуу менен сунушталган айрым мыйзамдарды депутаттар эгер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына байланыштуу болсо колдоп берип жатышканын, бирок бул көрүнүш өнөкөткө айланып калганын айтып, мындайга “чекит коюу керектигин” белгиледи.

Шакиевдин айтымында, “сапатсыз, келечекке иштебей турган, убактылуу, айрым бир топтордун кызыкчылыгына иштей турган мыйзамдар кабыл алынып калышы мүмкүн болууда”:

“Бизге келген мыйзамдар көпчүлүк учурда керектүү процедураларды, нормаларды бузуп эле келип жатат. Күчкө салып, “Тиги суранды, бул суранды, кабыл алып койбосок болбойт” деп аткаруу бийлиги, президенттин өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү эшик каккылап эле келип суранып жатышат”.

Депутат курултай тууралуу мыйзам долбоору четке кагылганын мисал келтирип, аны “эң туура чечим” деп атады.

Парламенттин жыйынына катышып жаткан президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын бул айткандарына комментарий берген жок.

17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети президенттин өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун кезексиз караган. Натыйжада ал добуш берүүнүн жыйынтыгында өтпөй калганын Медербек Алиев билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Мектептерди толук инвентаризациялоо сунушталдыТөкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча соттук угуу өттү"Кыргыз кереметинин" кырааны - Геннадий БазаровСанариптик өнүктүрүү министрлигине өткөн төрт ишкана боюнча маселе парламентте көтөрүлдү