16-майда Ош шаарындагы "Ак Жүрөк" кризистик борборуна коркутуу болгонун уюмдун жетекчиси Дарика Асилбекова “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, алар ата-энеси мажбурлап турмушка берип жатканын айтып, борборго жардам сурап келген кыздын туугандары болгон.
Алар кызды үйүнө алып кетүүгө аракет кылып, борбордо ызы-чуу салган. Асилбекова коркутуу болгондо милиция чакырылганын, кыз жабырлануучу катары арыз жазганын айтты.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков муну ырастап, 2004-жылы туулган кыз окуя тууралуу тергөөчүгө айтып бергенин, тиешелүү көрсөтмөлөр алынгандан кийин толугураак маалымат берилерин билдирди.
Кыздын жакындарынын пикирин билүүгө мүмкүн боло элек.
18 жаштагы кыз Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну. Ата-энеси мажбурлап күйөөгө берип жатканын айтып, кризистик борборго кайрылган. Ал үйүнө кайтуудан коркуп, борбордогу убактылуу баш калкалоочу жайда жашап жаткан.
Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнү айтылып келет. Быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түштү. Бул - Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө дегенди билдирет. (ArN)
Дагы караңыз
Ош шаарында төрт эм төрөлдүАктивист Атай Бейшенбек милицияда сурак берип жататФин жана швед парламенттери НАТОго кошулуу маселесин карайт"Макдоналдс" менен "Рено" Орусиядан кетип жатканын жарыялады