Бейшеналиев интернетке тараган сүрөттөр боюнча түшүндүрмө берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев социалдык тармактарга жайылган жардамчысы делген кыз менен түшкөн сүрөттөрү, той-топурдан тартылган видеолору тууралуу түшүндүрүп, "министрди жаманатты кылуу аракети" деп сыпаттады. Министрликтин атынан тараган билдирүүдө бул иштерди “медициналык бизнестин кураторлору жасап жатканы” айтылат.

“Албетте, медайымдардын кесиптик майрамы менин аброюма шек келтирүү үчүн пайдаланылганы абдан кейиштүү. Бул алардын абийирсиздигин жана мени кандай жол менен болсо да жок кылууга даяр экенин көрсөтүп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бейшеналиев Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки жолу суракка алганын 16-майда “Азаттыктын” суроолоруна жооп бергенде айткан.

Министрдин сөзүнө караганда, УКМК кызматкерлери 12-майда Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага байланыштуу ага суроо берип, видеого тартып алышкан. Министр бул иш-чарага медайымдар өздөрү 100 миң сом чогултканын айтып жатат. 14-майда ошол эле маселеге байланыштуу коопсуздук кызматы “Манас” аэропортунда да аны суракка алып, видеого тартышкан.

Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын айтты.

Дагы караңыз Министр Бейшеналиев: Азыр Германияда жүрөм

Атайын кызмат Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Германия Кыргызстандын 14 миллион евро карызын кечет“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлдуФин жана швед парламенттери НАТОго кошулуу маселесин карайтКыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугуштуТүркмөнстандын ооруканаларында "дресс-код" киргизилүүдөЖети жылдан бери бүтпөй турган мектеп