Журналист Галымбетованын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканы айтылды 

Арзыгүл Галымбетова, Батмакан Жолболдуева.

Мындай маалыматты “Азаттык” радиосуна камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын айтымында, экспертизага ылайык маркумдун астма оорусу болгон, дарыгерлер убагында жардам көрсөтө албагандыктан жүрөгү токтоп калган.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы бул окуя боюнча бир канча экспертиза дайындалганын, азыр соттук-медициналык экспертизанын гана корутундусу чыкканын, жыйынтыгы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкталбасын билдирди.

Ош облустук соту 13-майда “Батма-бат” YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Ош шаардык соту Батмакан Жолболдуеваны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Жолболдуева Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалган, ага Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190(“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон. 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева болсо Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Алып өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген. (AAb/JsA)

Дагы караңыз

Германия Кыргызстандын 14 миллион евро карызын кечетКыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугуштуУКМК: Аткезчилик үчүн чек арачыга пара берген адам кармалды