“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлду

Кыргызстан. Суусамыр. Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан. Суусамыр. Иллюстрациялык сүрөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-апрелде кол койгон.

Токтомдо жоюлган ишкананын жумуштан бошогон кызматкерлерине компенсацияларды төлөө үчүн акча бөлүү тапшырмасы жазылган.

“Кыргыз туризм” 2019-жылы түзүлгөн. Мамлекеттик ишкана коммерциялык багытта иштеп, киреше алып келе албай жаткан туристтик жайларды, объектилерди өз көзөмөлүнө алмак. Интернет аркылуу Кыргызстанды жарнамалап, чет жакта жармаңкелерди өткөрмөк. Ал үчүн 2019-жылы бюджеттен 50 млн. сом бөлүү каралган.

Ошол кезде бул ишкана артыкбаш экени, ага бюджеттен кошумча каражат коротуунун кажети жок экени айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугуштуТүркмөнстандын ооруканаларында "дресс-код" киргизилүүдөУкраина Донбасста Орусиянын жаңы чабуулдарына камдануудаУКМК: Аткезчилик үчүн чек арачыга пара берген адам кармалдыУКМК Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалганын билдирдиСоциалдык комитеттин жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калды