Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Ноокат районунун тургуну чек арачыга пара берүүгө шек саналып кармалганын билдирди.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 12-майда Кадамжай шаарында Өзбекстандан 25 тонна минералдык жер семирткичти аткезчилик жол менен алып келаткан айдоочу кармалган. Жүктүн ээси Ноокат районунун тургуну болгон.
Пара берди деп айыпталып жаткан адам жүк аткезчилик менен алынып келатканын моюнуна алып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн чек арачыга пара сунуштаган. Ал 12-майда Чек ара кызматынын кызматкерине 200 миң сом берип жатканда кармалган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен иликтенип жатат.
УКМКга караштуу Чек ара кызматы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик тыйылбай жатканын кабарлаган. (BTo)
Дагы караңыз
УКМК Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалганын билдирдиУкраина: Харьковдо орус күчтөрү чек арага чейин сүрүлдүСоциалдык комитеттин жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калдыМинистр Бейшеналиев УКМК эки жолу суракка алганын, азыр чет өлкөдө экенин билдирдиУкраина Донбасста Орусиянын жаңы чабуулдарына камданууда