Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-майдагы жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калды. Комитеттин жетекчиси Динара Ашимова танапис жарыялап, комитеттин бөлүмүнө депутаттарды чакыруу тапшырмасын берди. Бирок эл өкүлдөрү чогулбай, жыйын үзгүлтүккө учурады.
Жыйында беш мыйзам долбоору каралып, аягында ар кандай маселелер болмок. Долбоорлордун ичинде билим берүү тармагына байланыштуу төрт документ бар.
Жогорку Кеңеште баш-аягы сегиз тармактык комитет иштейт. Социалдык саясат боюнча комитеттин курамында алты депутат бар. Жыйын өтүш үчүн эл өкүлдөрүнүн көбү отурумга катышыш керек.
Мыйзам долбоорлору комитеттерде каралып, колдоо тапкандан кийин парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Жогорку Кеңеште 90 депутат бар. Парламентте кворумдун жоктугунан жыйындар жылып, үзгүлтүккө учураган окуялар буга чейинки чакырылышта да болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Украина Донбасста Орусиянын жаңы чабуулдарына камдануудаМинистр Бейшеналиев УКМК эки жолу суракка алганын, азыр чет өлкөдө экенин билдирдиУКМК Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалганын билдирдиКадыркулов Украинада согушка катышты деген жаран тууралуу маалымат берди Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайтДонбасста орус армиясы алдан тайдыбы? "Чоң жети" азык-түлүк жана энергетикалык кризис тууралуу эскертти