Москвада ЖККУ президенттеринин саммити өтөт

ЖККУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туулары.

Бүгүн 16-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында уюмдун 30 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алынат.

Президенттер ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты, эл аралык жана аймактык маселелерди, жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу чараларын талкуулашат.

27-апрелде президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Фейсбуктагы” баракчасына “Социалдык түйүндөрдөгү "Кыргызстан ЖККУдан чыгуу жана НАТОго кирүү маселесин карап жатат" деген мазмундагы маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратуудан карманууну өтүнөм, ошондой эле анык жана расмий булактарга ишенүүгө чакырам" деп жазган.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

Дагы караңыз

Балалуу болбогону үчүн уулун сотко берген атаИрандык режиссер киночулар куугунтукка кабылганын айттыӨзбекстанда орусиялыктар ачкан компаниялар кескин көбөйдүБатыш Москванын планы оңунан чыкпай калганын билдирди