Садыр Жапаров ЖККУ саммитине катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммитине катышуу үчүн бүгүн, 15-майда Москвага учуп кетти.

Бул тууралуу мамелкет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Саммит 16-майда Москвада өтөт. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун 30 жылдыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынат.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Таласта акындардын эл аралык айтышы башталдыКадыркулов Украинада согушка катышты деген жаран тууралуу маалымат берди Киевде 38 өлкөнүн элчиликтери ишин жандантты Аба ырайы: Айрым облустарда жаан жаайт