Кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси белгиленип жатат

Геннадий Базаров.

Бүгүн, 14-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат.

Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чарада режиссер Тынай Ибрагимовдун "Прикосновение к личности" даректүү тасмасынын бет ачары өтүп, Кыргызстандын белгилүү фотосүрөтчүлөрү Алимжан Жоробаев, Александр Федоров жана Урмат Осмоевдин тарткан эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Базаровдун 80 жылдык мааракесине белгилүү кино ишмерлери, жалпы чыгармачыл чөйрөдөгү замандаштары жана жакындары катышууда.

Буга чейин Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Базаровдун 80 жылдыгына карата Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарларында кино кербени ачылган.

"Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, режиссер Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан. (MZh)

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоолордо жаан карга айланатКылмышка айыпталган бажычы өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болдуДүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталары кабарландыТүштүк Осетияда Орусияга кошулуу референдуму өтө турган болду