АКШ президенти Жо Байден Финляндия жана Швециянын лидерлери менен 13-майда телефондон сүйлошүп, Кошмо Штаттар менен бул өлкөлөрдүн "коопсуздук жана коргонуу боюнча тыгыз кызматташтыгын" белгиледи.
Байден Орусиянын Украинага басытырып киришинин фонунда Хельсинки менен Стокгольмдун НАТОго кирүү тууралуу арызын колдой турганын айткан.
Ак үй Байдендин Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон жана Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен телефон сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялады. Анда АКШ президенти "согуштан жабыркаган украин элин, Украинаны колдоо жана координацияны улантууну жактай турганын" белгилеген.
Кийинчерээк Ак үй менен Пентагон НАТОнун өнөктөшү болгон Түркиянын Финляндия жана Швециянын мүчөлүгүнө каршы чыгышы боюнча түшүндүрмө сураганын билдиришти.
Буга чейин бир дагы аскердик уюмга кошулбаган Финляндия жана Швециянын НАТОго кошулуу арызын алянстын көптөгөн мүчөлөрү колдогон.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун 13-майда билдирген. Ал өз чечимин “бул өлкөлөр көптөгөн террордук уюмдардын үйү болуп калганы" менен байланыштырган.
Түрк президенти Анкара Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу “оң пикирде эмес экенин” белгилеген.
Түрк бийлиги Швецияны жана башка Батыш өлкөлөрүн Анкара террордук деп эсептеген уюмдарды, анын ичинде күрд топторуна башпаанек берет деп айыптап келет. Эрдоган өзүнүн каршылашы, дин ишмери Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин да киргизип алганы үчүн көп өлкөлөрдү айыптап жүрөт.
Ал жума күнү Стамбулдагы мечиттеги сөзүндө, "гүленчилер 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылганын" белгилеп, анын администрациясы он миңдеген адамды камакка алганын кайталады.
Гүлен жана анын тарапкерлери бул айыптоолорду төгүндөп келет.
НАТОго кирүү альянска мүчө 30 мамлекеттин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.
Орусия Украинага кол салгандан бери Швеция менен Финляндия да НАТОго кирүүгө аракет кылууда. Эки өлкө альянска кошулуу тууралуу арызын 15-майда берери күтүлүп жатат. Арыз берүүнүн тездеши Москвадан келип жаткан коркунучтарга байланыштуу.
НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген, учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.
"Президент Байден НАТОнун эшик ачкан саясатын жана Финляндия менен Швециянын келечегин, тышкы саясатын жана коопсуздук чараларын өз алдынча аныктоо укугун колдой турганын баса белгиледи", — деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө. (КЕ)