Аба ырайы: тоолордо жаан карга айланат

15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөгөн жаан болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Нарында жана Ысык-Көлдө секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,
  • Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
  • Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,
  • Нарын дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
  • Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7°.
  • Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Кылмышка айыпталган бажычы өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болдуТүштүк Осетияда Орусияга кошулуу референдуму өтө турган болдуДүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталары кабарландыБыйыл "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары 1585 энеге ыйгарылдыКараколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кармалды