Кылмышка айыпталган бажычы өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду

Нурбек Айбашев.

Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшүүгө шек саналган Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты "Азаттыкка" адвокат Майрамбек Жумабеков билдирди.

Буга байланыштуу маалымат бажы кызматкерлеринин соттук отурумдарынын биринде маалым болгон.

Жумабековдун айтымында, Бишкектин Октябрь райондук соту бул ишке байланыштуу айыпталып жаткан 15 бажы кызматкеринин бардыгына айып пул салган. Учурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиевден башкасы эркиндикте. Ниязалиев №1 тергөө абагында экенин адвокат Майрамбек Жумабеков кабарлады.

Айбашевдин качан жана кандай шартта өлкөдөн чыгып кеткени беймаалым. Прокуратура сот өндүрүшүндөгү ишке комментарий бере албай турганын билдирди. Сот жооп бере элек.

Айбашевдин адвокаты жана жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Дагы караңыз

Бажынын мурдагы башчысы камактан чыкты


Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев 2020-жылы 3-июнда үй камагына чыгарылган.

Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармап, №1 тергөө абагына камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлган.

Тергөө учурунда Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшкөнү аныкталган. Бул факты боюнча Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго 2018-жылы 18-августта "бажыда туруктуу коррупциялык байланыштарды түзгөн" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Бул ишке байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. Мындан сырткары бажынын мурдагы жана кийинки 12 кызматкерине иш козголгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу референдуму өтө турган болдуДүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталары кабарландыБыйыл "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары 1585 энеге ыйгарылдыКараколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кармалды