Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында өтөрүн билдирди.
13-майда өткөн басма сөз жыйынында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган бул иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышарын айтты.
2020-жылы Түркияда өтөрү пландаштырылган Көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылга жылган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.
Ал эми Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.(ElB)
Дагы караңыз
Караколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кармалдыИранда кымбатчылыкка каршы акцияга чыккан адамдар кармалдыЭрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршылыгын билдирдиКаракол шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 850 млн. сом бөлүнөт