Чолпон-Атада жайкы туристтик сезондун ачылышы болот

Ысык-Көл.

Бүгүн 13-майда Чолпон-Ата шаарында кезектеги жайкы туристтик сезондун ачылышы болот. Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү, жалпысынан 200дөй компания-ишкана катышат.

Жарманкеге Орусиянын беш ири туристтик компаниясы да катышары айтылган.

Туркомпаниялар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана бул тармакта иштеген башка да уюмдар конокторду өз продукциясы жана тейлөө кызматтары менен тааныштырышат.

Улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө жана концерттик программа да уюштурулат. (RK)