Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларындагы мамлекеттин акцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп берди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 10-майда чыгарган.
Токтомдо мындай чечимдин себеби жазылган эмес. Өкмөт да азырынча түшүндүрмө бере элек.
Санариптик өнүктүрүү министрлигин январь айынан бери Талантбек Иманов башкарып келет.
Мамлекет башчысы былтыр 5-майда мамлекеттик мүлктүн көбүн жеке менчикке чыгарууну тапшырган. Мекеменин апрель айындагы маалыматына ылайык, бир жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк сатылган эмес. (МТа)
Дагы караңыз
Дача СУ: комиссия жүктүн жана акчанын изин иликтейт Бишкекте УКМКнын жаңы имараты ачылдыУКМК мамлекеттик кызматкер кош жарандыгын жашырганын билдирди Шинжаңдагы этникалык казактардын укугун коргогон топ саясий партия түзөт