Шинжаңдагы этникалык казактардын укугун коргогон топ саясий партия түзөт

"Нагыз Ата-Журт" тобунун маалымат жыйыны. Алматы, 12-май, 2022-жыл.

Казакстанда Шинжаңдагы этникалык казактардын укугун коргогон «Нагыз Ата-Журт» тобу саясий партия түптөй турганын жарыялады.

«Биз демократиялык саясий системага салым кошууну максат кылабыз», - деп билдирди 12-майдагы пресс-конференцияда топтун лидери Бекзат Максутулы.

Ал казак бийлигин Казакстанга көчүп келүүнү каалаган Шинжаңдагы улутташтарга эч кандай жардам бербей жатканы үчүн айыптады жана "жыл башында Казакстандагы кандуу окуялар жетекчилер казак жарандарынын тагдырына кайдыгер мамиле кыларын көргөздү" деп айтты.

Максутулынын айтымында, Казакстандын өзүндө мыйзам үстөмдүгү орномоюнча, чет жактардагы этникалык казактардын көйгөйүн чечүү мүмкүн болбойт.

"Нагыз Ата-Журт" Кытай кайра окутуу лагерлери деп атаган жайларда кармалган этникалык казактарды бошотууга үндөп келген.

БУУнун маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бир миллиондон ашуун уйгур жана башка түрк тилдүү мусулмандар отурат. Бээжин ал жайларды “экстремизм менен күрөшүү борборлору” деп атайт.

Дагы караңыз

Өзбекстанда орусиялык компаниялар көбөйдүЖурналисттин иши: сотко басым болуп жатабы? Өзгөндөгү автокырсыктан атасы эки баласы менен каза болдуБУУ Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын билдирди