Прокуратура үч вице-мэр мыйзам бузуу менен дайындалганын маалымдады

Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык прокуратурасы вице-мэрлер Бактыбек Абдиев, Нурлан Шаршеналиев жана Олег Попиков мыйзам бузуу менен дайындалганы тууралуу актыны мэрге жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жогорудагы үч вице-мэр "Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 49-беренесин бузуу менен дайындалган. Аталган мыйзамга ылайык, вице-мэрлер муниципалдык кызматкерлердин резервинде турган адамдардан дайындалышы керек.

Бул мыйзам бузуу боюнча шаардык прокуратурага Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жана Марат Акматалиев аттуу жаран кайрылган.

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Ушул жылдын февраль айында президенттин жарлыгы менен Бишкектин мэрия болуп бул кызматка Эмилбек Абдыкадыров дайындалган. (MTa)

Дагы караңыз

Siemens орус рыногунан кетип жатканын жарыяладыПхеньян өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирдиЖогорку сот: Алексей Ширшовдун соттуулугу жокСоцфонд апрель айында 5415 адамга пенсия чектеди