Siemens орус рыногунан кетип жатканын жарыялады

Siemens Орусияга экспорттогон поезд. Архивдик сүрөт

Германиялык Siemens корпорациясы Украинадагы согушка байланыштуу Орусиядан кетип жатканын билдирди. Компаниянын басма сөз кызматы өндүрүштү жана башка ишмердикти токтотуу иши башталганын маалымдады. Буга чейин Siemens орус жана беларус рыногуна продукцциясын жөнөтүүнү токтотуу чечимин кабыл алган.

"Биз согушту айыптайбыз жана Орусиядагы өндүрүштү токтотуу жараянын жүргүзүүнү чечтик. Бул оңой чечим болгон жок. Кызматкерлерибизге кам көрүүгө тийишпиз, андан тышкары 170 жылдан бери иштеп келаткан рынокто өз кардарларыбыз бар”, - деп билдирди компаниянын президенти Роланд Буш.

Электроника, турмуш-тиричиликте пайдаланчу жабдыктардан тышкары Siemens орус компаниясы менен биргелешип электричка жана жүк ташыган электропоезддерди чыгарып, аларды ремонттоп келген.

Дагы караңыз

Пхеньян өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирдиЖогорку сот: Алексей Ширшовдун соттуулугу жокСоцфонд апрель айында 5415 адамга пенсия чектеди