Пхеньян өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирди

Коронавируска байланышкан жыйын, Пхеньян. 11-май, 2022-жыл.

Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирди. Бир катар маалымат каражаттары түштүк кореялык "Йонхап" агенттигине шилтеме берип, "омикрон" варианты Пхеньянда 8-майда алынган анализдерде табылганын жазды.

Буга байланыштуу өлкөдө чукул абал киргизилди жана карантин жарыяланды. Канча киши инфекцияны жуктуруп алганы айтылган эмес. Өлкө лидери Ким Чен Ын вирустун жайылышын токтотуу тапшырмасын берип, кризис жөнгө салынарына убада кылды.

Буга чейин расмий Пхеньян пандемияда COVID-19дун бир да учуру катталбаганын билдирип келген. Бийлик буга чек араларды толук жабуу жардам бергенин айтканы бар. Жетекчилик атүгүл эл аралык долбоордун алкагында вакцина алуудан баш тарткан. Эксперттер коронавирус Түндүк Кореяда жок деген ырастоолорго күмөн саноо менен карап келген.

Дагы караңыз

Соцфонд апрель айында 5415 адамга пенсия чектедиБаткен-Раззаков жолу селден улам убактылуу жабылдыТөрт айда 1,2 миллиард сом пландан ашык салык чогултулдуКаныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга төрага болдуАялдардын укугу боюнча атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты