Аялдардын укугу боюнча атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги атайын долбоордун алкагында кыз-келиндер үчүн "Менин планым" деген аталыштагы мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиркеме негизинен аялдардын укугун коргоого багытталган.

Тиркеме акысыз, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Анда аялдардын түрдүү документтерди, жөлөк пул, алимент, коргоо ордерин алуусунун жөнөкөйлөтүлгөн жолдору план-карталар менен түшүндүрүлүп берилген.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында айтып, балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын билдирген.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда 100дөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Министрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирдиФинляндиянын президенти жана премьери НАТОго мүчөлүктү колдоштуМас абалда чек арадан мыйзамсыз өткөн кыргызстандыктар кармалдыЧек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин билдирдиТөрт айда 1,2 миллиард сом пландан ашык салык чогултулдуКашкарды бийлеген туңгуч кыргыз генералыДача СУдагы кырсыкты иликтей турган коомдук комиссия ишин баштадыКазакстан Түркиянын пилотсуз учактарын чыгарат