Ошто кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин 12-майда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 11-майда чек арада болгон окуяга байланыштуу дароо Тажикистандын Лахш багыты боюнча өкүлдөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, мындан ары андайга жол бербөө жана пайда болгон маселелерди биргелешип ыкчам чечүү тууралуу макулдашылды.
Чек ара кызматы билдиргендей, 11-майда саат 20:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кароол-Дөбө деген жеринде Карамык айылынын тургундары кызуу абалында тажик тарапка чек арадан мыйзамсыз өтүп, коңшу өлкөнүн чек арачылары жайгашкан жерге барышкан жана түрдүү маселелер боюнча нааразылыгын айтышкан.
Кыргызстандын чек арачылары окуя болгон жерге дароо барып, ал жарандарды кайра кайтарып келип, жергиликтүү милицияга өткөрүп беришкен. (RK)
Дагы караңыз
Кашкарды бийлеген туңгуч кыргыз генералыДача СУдагы кырсыкты иликтей турган коомдук комиссия ишин баштадыКазакстан Түркиянын пилотсуз учактарын чыгаратАк-Талаа: суук айылда алманын түрүн өстүргөн багбан