Сүлүктү: Тойдо тамакка уулангандар 32ге жетти, кафенин ээсине айыппул салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Сүлүктүдө тамакка уулангандардын саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу 12-майда Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 11и азыр Сүлүктүдө оорукананын инфекциялык бөлүмүндө дарыланып жатат, 21и үйдөн дарыланууда. Доктурлар жабыркагандардын абалын орточо оор деп баалап жатышат.

Тамакка уулангандар 8-майда Сүлүктүдөгү “Рахат” кафесинде 180 конок чакырылган кыз узатуу тоюна катышканы белгилүү болгон.

Кафеде санитардык-гигиеналык текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада ээсине 15 миң сом айыппул салынды. Кафе-ресторанда адамдар ууланган учурлар буга чейин да катталган. (RK)

Дагы караңыз

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙдун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылдыМинистрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирдиКСДП: Ширшов сыртынан соттолгон, токтоосуз камалышы керекӨзгөндөгү автокырсыктан атасы эки баласы менен каза болду