11-майда Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тушунда, Бишкек-Ош жолунда Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. "Матиз" автоунаасынын айдоочусу, 31 жаштагы эркек киши ошол жерден жан берген. Анын алты жашар уулу менен беш жашар кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Наристелер экөө тең алган жаракатынан ооруканада чарчап калган.
Балдардын апасы, Toyota land Cruiser унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ооруканада экени кабарланды.
Авария болгон жерден айдоочунун сөөгү жана жарадар болгондор "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дагы төрт адамды Өзгөн райондук ооруканасына жеткирген.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2021-жылы 7437 автокырсык катталып, анын кесепетинен 868 киши каза болуп, 11 миң 357 адам жараат алды. Жол кырсыктарынан мерт кеткендердин 114ү балдар.(ZKo)
Дагы караңыз
"Жамгыр жааса эле таш кулайт". Кошумча жолдогу кырсыкСамара Токтакуновага ТҮРКСОЙдун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылдыКумаркана мыйзамы биринчи окуудан өттү ТИМ: Бир айда Орусиядан 15 “Жүк-200” келдиУкраина: бошотулган айылдар, токтогон газ транзитиИлон Маск Starlink түйүнүнө Орусиядан хакердик чабуул жасалганын айттыХерсондун Москва дайындаган жетекчилиги Орусияга кошулуу ниетин билдирүүдө