ТИМ: Бир айда Орусиядан 15 “Жүк-200” келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир ай ичинде Кыргызстанга Орусиядан бул өлкөдөгү элчилик аркылуу 15 “Жүк-200” алынып келинген. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн апрель айындагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасында жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, маркумдардын жакындарына укуктук жардам көрсөтүлгөн, мыйзамга ылайык сөөктү жеткирүү үчүн акчалай жардам төлөнүп берилген.

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300дөй экени чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде былтыр айтылган.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. Андан сырткары башка чет мамлекеттерде да эмгектенишет. (RK)

Дагы караңыз

Украина: бошотулган айылдар, токтогон газ транзитиШиршовдун окуясы: Жапаровдун жообу, Максимдин миллиондоруЧек ара кызматы Кадамжайда Өзбекстан зым тартып жатканына түшүндүрмө бердиЧалгын: Украинада уруш узакка уланат