Баткен-Раззаков жолу селден улам убактылуу жабылды

Раззаков шаары.

Баткен-Раззаков жолу сел жүргөнүнө байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Президент Садыр Жапаров селден улам өлкө аймагында ондогон үй-бүлөдөн 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөнүн Фейсбукка жазып, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлө турганын айтты.

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызгидромет борбору тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Дагы караңыз

Бекназаров: Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгонЖогорку Кеңеш кумарканалар тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду (видео)Иран бийлиги эки европалыкты камакка алганын билдирдиКечки Азаттык (2-чыгарылыш)