Ташкентте атайын рейд жүрүп, эркектерди сакалын алууга милдеттендиришти.
Кармалгандардын бири Gazeta.uz. басылмасына билдиргендей, сакалын алуудан баш тартса, 15 суткага камаларын эскертишкен.
Өткөн аптада баш калаанын Үчдөбө жана Чилназар райондорунда коомдук жайларда узун сакалчан эркектерди кармап, сакалын алдыртып жатканы тууралуу маалымат чыккан.
Өзбекстандыктардын бири Мухаммадюсуф ибн Кобил Фейсбуктагы баракчасына сакалын алганга чейин жана кийин сүрөтүн коюп, «Көчөдө баратсам жол көзөмөлдөгөн кызматкер токтотуп, тек жайымды такташ үчүн бөлүмгө барыш керек экенимди айтты»-деп жазды.
Ал полиция бөлүмүндө ошол учурда кеминде 10 адам болгонун, алардын баарын сакалын алууга милдеттендиришкенин кошумчалады.
Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Шохрух Гиясов полициянын кылмыштуулукка каршы күрөшүн жарандардын диний ишенимдерин басмырлоого теңебөөгө чакырды.
Кошуна Тажикстанда дагы 2015-жылдан бери узун сакал коюуга тыюу салынып келет. Өзбекстанда дагы Тажикстандагыдай эле сакалды милдеттүү түрдө алуу боюнча расмий токтом жок.
Дагы караңыз
Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштери сотко өткөнүн маалымдады Садыр Жапаров: Ширшов Максим Бакиевдин акчасын кайтарууга көмөктөшөтУкраиналык топ Eurovision-2022 ыр сынагынын финалына чыкты"Аль-Жазиранын" Палестинадагы журналисти өлтүрүлдү