Мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго карата 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-майда маалымдады. Ага ылайык, Турсун Турдумамбетовго карата 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу") менен козголгон кылмыш иши былтыр декабрда ушул эле кодекстин 336-беренесине ("Коррупция") квалификацияланган.
УКМКнын маалыматында Турдумамбетов менен чогуу Мамлекеттик мүлктүн көзөмөл-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. ысымдуу адамга жана “Кадамжай сурма комбинаты” ишканасынын жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгону да кабарланган.
Турсун Турдумамбетов 2001-2010-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган.
2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулаганда экономикалык кылмыштары үчүн кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. 2010-жылы 12-майда кармалып, көп өтпөй бошотулган. 2012-жылы октябрда кайрадан кармалганы кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Ширшовдун окуясы: Жапаровдун жообу, Максимдин миллиондоруСадыр Жапаров: Ширшов Максим Бакиевдин акчасын кайтарууга көмөктөшөтУкраиналык топ Eurovision-2022 ыр сынагынын финалына чыкты"Аль-Жазиранын" Палестинадагы журналисти өлтүрүлдүЭгемен Украинанын туңгуч президенти Леонид Кравчук көз жумду12-майдын аба ырайы