Украиналык «Калуш Оркестра» тобу эл аралык Eurovision-2022 музыкалык сынагынын финалына чыкты. Алардын аткаруусундагы «Стефания» деген ырды топтун солисти Олег Псюк өзүнүн энесине арнаган. Бул чыгарма Украинадагы согушка чейин эле жазылган.
Быйыл сынак Италиянын Турин шаарында өтүп жатат. Украиналык топ сахнага чыкканда көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.
Ошондой эле финалга Швейцария, Армения, Исландия, Литва, Португалия, Норвегия, Грекия, Молдова жана Нидерланд жолдомо алды.
Быйыл Орусия Украинага кол салганы үчүн конкурстан четтетилген. Жеңүүчү 14-майда аныкталат.
«Калуш Оркестра» – 2019-жылы негизделген рэп багытындагы топ. Буга чейин Украина эки жолу аталган сынакта жеңишке жеткен.
Дагы караңыз
Депутат Осмонов "Достук" аркылуу өткөндөр кыйналып жатышканын айттыБишкекте турмуштук оор шарттагы балдардын ден соолугу боюнча бир айлык башталдыДепутат Акаев Ширшовдун бошотулушун жемкорлукка каршы саясатка көө жапкан окуя деп атады