"Аль-Жазиранын" Палестинадагы журналисти өлтүрүлдү

Палестиналык белгилүү кабарчы, «Аль-Жазира» телеканалынын журналисти Ширин Абу Акле.

"Аль-Жазира" телеканалынын журналисти Батыш жээктеги Женин шаарындагы израилдиктердин рейди маалында октон көз жумду.

Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Палестиналык белгилүү кабарчы Ширин Абу Акле ок тийгенден көп өтпөй жан берген.

Иерусалимдик "Аль-Кудс" гезитинин дагы бир палестиналык журналисти жараат алды.

«Аль-Жазира» телеканалы окуя үчүн Израилди күнөөлөдү.

Израилдик аскерлер билдиргендей, алардын күчтөрү катуу чабуулга кабылгандыктан жооп кайтарууга аргасыз болушкан. Алар «бул окуяны иликтешерин жана журналисттер палестин согушкерлеринен жабыркашы мүмкүн деген версияны карап жатышканын» билдиришти.

Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид кабарчынын өлүмүнө өкүнүчүн билдирип, Палестин администрациясына бул окуяны биргеликте иликтөөнү сунуштады.

Дагы караңыз

Бишкекте турмуштук оор шарттагы балдардын ден соолугу боюнча бир айлык башталдыЭгемен Украинанын туңгуч президенти Леонид Кравчук көз жумдуБаласын эмдетпегендер көбөйүп, диний көз караштан улам баш тарткандар азаюуда