Кыргызстанда диний көз караштан улам балдарын эмдетпей жаткандар азая баштады. Бул тууралуу бүгүн 11-майда “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылы эмделбей калган балдардын 50% ата-энесинин диний ишенимине байланыштуу болгон. Ага чейинки жылы бул көрсөткүч 68% болчу. Борбордун жетекчиси муну муфтият менен бирге эл арасында эмдөөнүн пайдасы жана коопсуздугу тууралуу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин үзүрү деп атоодо.
Ошол эле учурда, Ишенапысова билдиргендей, Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткан учурлар жылдан жылга көбөйүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 11 миң бала болду, ага чейинки жылы 9 миңдин тегерегинде болчу.
Адистер эмдөөдөн баш тартуунун себептерин изилдеп, ата-энелер балдарына вакцина сайдыруудан анын курамы, таасири тууралуу дарыгерлер жетиштүү маалымат бере албаганына, жеке диний көз карашына жана миграцияга байланыштуу баш тартканын аныкташкан.
Кыргызстанда бир катар оор, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында балдарды төрөлгөн күндөн тартып атайын календар боюнча бекер эмдөө каралган. (RK)
Дагы караңыз
Кара-Суу: 102 жаштагы жалгыз ардагер "Кан майданда көргөн тозок эстен кетпейт"Тарылгадагы оор турмуш: мигранттардын балдары, небере баккан энелер"Исламды илимге жана демократияга каршы койбош керек"