Жогорку сот Батукаевдин эжесинин арызын канааттандырган жок

Степное айылындагы аялдардын абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

11-майда Жогорку сот кримтөбөл, Кыргызстандагы абактан мөөнөтүнөн мурун чыгып кеткен Азиз Батукаевдин бир тууганы Яха Батукаеванын апелляциялык арызын четке какты. Батукаева кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко арыз жазган. Ушундай эле өтүнүч менен ал жазасын өтөп жаткан аялдар абагынын жетекчилиги да кайрылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттон кабарлашты.

54 жаштагы Яха Батукаева 2016-жылы Челябинскиде эки өнөктөшү менен чогуу 30 килограмм баңгизатын сатууга айыпталып, 17 жылга соттолгон. Кийинчерээк Кыргызстанга экстрадицияланып, Степное айылындагы аялдар абагына камалган.

"Батукаев иши" боюнча Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөп жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Баткен шаарында 1,5 гектар жер мыйзамсыз берилгенЧек арадан мыйзамсыз ташылган жүк кармалдыКоррупцияга шектүү Ширшовдун үй камагына чыгышы сынга кабылдыДепутат Акаев Ширшовдун бошотулушун жемкорлукка каршы саясатка көө жапкан окуя деп атады Президенттин жергиликтүү автобустарды сатып алуу убадасы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү Майыптыгы бар бала баккан камкорчулардан салык албоо сунушталдыЧүйдө тоноого шектүүлөр кармалдыИндиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалды