Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова майыптыгы бар баланы караган камкорчуларды патент аркылуу салык төлөө милдетинен бошотууну сунуштоодо. Депутат Салык кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейт.
2019-жылдын 1-январынан тартып, багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистенти - камкорчунун кызмат көрсөтүүсүнө айлык акы төлөнө баштаган. 4900 сомду түзгөн айлык акы бекитилген күндөн бери көбөйтүлө элек. Бул айлыкты алуу үчүн майыптыгы бар баланын камкорчусу алдын ала 1177 сом салык төгүп, патент алууга милдеттүү.
2021-жылы Кыргызстанда 8 281 майыптыгы бар баланын жеке камкорчуларына республикалык бюджеттен 491 647 сом, анын ичинде 70 миң сом патент үчүн төлөнгөн.
2022-жылдын январынан тартып 1177 сом салык төлөп, патент сатып алуу камкорчулардын өзүнө жүктөлгөн. Майыптыгы бар бала баккан камкорчулар бул үчүн райондун борборуна ай сайын каттоо кыйынчылык жаратып жатканын айтып, нааразылык билдирип келет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 199 миң майыптыгы бар адам катталган. Анын 35 миңи - балдар. Анын ичинде 8 миңден ашуун бала "ар дайым багууга жана кароого муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат. (ZKo)
Дагы караңыз
Индиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалдыШиршов үй камагына УКМКнын өтүнүчү боюнча чыктыККМ: Салык кызматы лотерея ойното баштадыКоррупцияга шектүү Ширшовдун үй камагына чыгышы сынга кабылдыТүндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун жүз чакырымдайы убактылуу жабылатАКШнын чалгын кызматы Орусиянын Украинада узак согушуу ою бар экенин билдирдиУкраина Орусиянын газ транзити чектелерин жарыяладыДача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлүп, курамы жарыяланды