Кыргызстандын үч тасмасы Лондондо көрсөтүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык режиссерлордун үч тасмасы 19-25-май күндөрү Улуу Британиядагы Евразия тасмаларынын кинофестивалынын (ECG Film Festival) финалында көрсөтүлмөй болууда. Бул тууралуу маалымат фестивалдын сайтына жарыяланды.

Тынай Ибрагимовдун Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Жылкычы Жакыповдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу баяндаган "Саякбай and Beatles" даректүү тасмасы, Виктория Архангельскаянын майыптыгы бар адамдардын проблемалары жөнүндөгү “Жаңыртуу” даректүү фильми жана Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимованын Steps деп аталган кыска метраждуу дебюттук тасмасы көрсөтүлөт.

Евразия аймагынын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтуу максатында төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан ECG Film Festival алкагында быйыл көрүүчүлөрдүн назарына жалпысынан 50 тасма тартууланат. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу салтанаты 25-майда өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлүп, курамы жарыяландыУкраин-орус кризисинин кыргыз сомуна таасири Чек ара кызматы аткезчилик тыйылбай жатканын маалымдадыБишкек: Милиция чет элдик жаранды ургандарды издеп жатат