Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандар былтыркыдан 5 миң адамга көп болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү үчүн катталгандар 47,6 миң адам болгонун 10-майда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырганда тестирлөөдөн өтүүнү каалагандар быйыл 5 миң адамга көп.

Тестирлөө 23-28-май күндөрү өтөт. Быйыл 11-классты 68 миңдей окуучу бүтүрөт. (RK)

Дагы караңыз

Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлүп, курамы жарыяландыУкраин-орус кризисинин кыргыз сомуна таасири Чек ара кызматы аткезчилик тыйылбай жатканын маалымдадыБишкек: Милиция чет элдик жаранды ургандарды издеп жатат