10-майда Бишкекте Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру өттү. Сынакка 42 акын катышып, 12 акын кийинки баскычка жолдомо алды.
Алар: Абдылда Нуралиев, Сапарбек Зулпуев, Чыңгызхан Кожошев, Турат Жумаев, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Болот Назаров, Арген Биймырза уулу, Шайлообек Отунчиев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Темирбек Матыбаев. Сынакка катышкан беш акын кыз тең өтпөй калды.
Тандоо турунда төкмө акындар эки саптан гана ыр төгүп, жанындагы жубу айткан уйкашты улап ырдашы керек деген талап коюлду.
Акындардын айтышы 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтүп, коңшу Казакстандын да төкмөлөрү катышат.
Байдылда Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районунда туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Анын биринчи ыр жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин маданий байланыштарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жашында каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (MZh)
Дагы караңыз
Орусияда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда кеминде 125 киши кармалдыБишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болдуМинистр ЖОЖ ректорлорун дайындоону сунуштады Маркум Арон Атабектин кызы атасын актоого чакырдыИсманкуловдун клиникасынын алдында үч күндөн бери пикеттер өтүүдө