Украинада согуштан жабыркаган карапайым тургундар 7 миңден ашты

Краматорскидеги ракета соккусунан кийин. Донбасс, 8-апрель 2022-жыл

БУУнун маалыматына ылайык, Орусия басып киргенден бери Украинада жабыркаган жөн-жай тургундардын саны 7 миң кишиден ашты.

Уюмдун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы 9-майга карай 3,381 киши, анын ичинде 235 бала каза тапканын, 3,680 киши жарадар болгонун билдирди. Мекеме кошумчалагандай, эң көп киши оор артиллериядан, ракета аткылоолорунан, авиа соккулардан жабыркаган.

Жогорку комиссарлык реалдуу сандар мындан ашат деп эсептейт.

Анткени салгылашуулар жүрүп жаткан аймактардан маалымат алуу мүмкүн болбой жатат, кээ бир статистика менен иштөө ушу тапта уланууда.

Атап айтканда, Мариупол, Изюм жана Пропасна шаарларында карапайым кишилердин арасындагы жоготуулар өтө көп деп буга чейин маалымдалган.

Дагы караңыз

Казакстанга жиберилген аскерлердин маянасы жакын арада төлөнөрү айтылдыПрезидент санарип валютаны киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди“Илимдеги кыздар”: 200 окуучу кыз тестирлөөгө даярдыктан өттүОрус аскерлери Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду күчөттүУкраинадагы согушту көргөн Дайырбек